Научные статьиM.H.Sayidova, S.U.Pulatova2025
ТРАДИЦИЯ И НОВАТОРСТВО В КЫРГЫЗСКОЙ ЛИТЕРАТУРЕ 1950-1960-Х ГГ.
Kalmatova Venera Mamatbekovna · Turdubekova Zyinatkhan Kadyrkulovna
Универсал международный научный журнал · 2025
Аннотация
This article describes the state of tradition and innovation of society and literary process in the50-60s of the XXth centure Key words: style, poetics, form, traditional song, free song, metaphor. Кыргыз поэзиясы профессионалдык адабият катары пайда болуп, калыптангандан тартып эле салттуулук менен жаңычылдык бири-бири менен карым-катнашта келет. Айталык, XX кылымдын 30-жылдарындагы М.Элебаевдин, Ж.Турусбековдун ыр-поэмаларындагы салттуу кыргыз ырына окшоштурбай уйкашсыз ырларды жазуу, ыр саптарынын архитектоникасын В.В.Маяковскийдин ырларына окшотуп «тепкичтентип» жазуу көрүнө калса, 50-жылдардын орто ченинен С.Эралиевдин эркин ырлары пайда болду. Ага чейин «Ак Мөөр» поэмасын жазып (1, 224), салттуу кыргыз ырынын мүмкүнчүлүгүн ар тараптуу пайдаланган акын 1966-жылы «Жылдыздарга саякат» деген китеби чыккан(2, 81). Ал «Ала- Тоо» журналына басылып чыккан соң Кыргызстан Жазуучулар Союзунда талкууланып, ал талкуу кызыл кандуулукка, айтышып-урушууга чейин барган, чыгарманы жактагандар да, каралагандар да көп болгон. Доордун учкул ритмин «Ак Мөөрдү» жазган стиль менен чагылдырууга болбой калганын, космос заманы эркин, уйкаштыкка баш ийбеген ырларды талап кылганын «Жылдыздарга саякат» поэмасын жактоочулар жазып чыкты. Ошол учурдагы Кыргызстандагы саясый-маданий кырдаал тууралуу кийин С.Эралиев мындай эскерет: «1958- жылдын октябрь айында Москвада өткөн кыргыз адабияты жана искусствосунун декадасы учурунда жазуучулар союзундагы кыргыз адабиятынын талкуусунда сөз көбүнчө ушул эки чыгарма – Чыңгыздын «Жамийласы» менен менин «Ак-Мөөр» поэмамдын тегерегинде болуп, катышуучулардын баары эки чыгарманы бир добуштан кыргыз совет адабиятындагы жаңы сапаттык бийиктик катары белгилешти. Бул тууралуу ошол талкуунун стенограммасында сакталуу. А бирок, декададан мурда өзүбүздүн аттуу-баштуу эле жазуучулар башчылык кылып, Кыргызстан жазуучулар союзунда «Жамийла» повести боюнча талкуу уюштурушуп, чыгарманы кыргыз адабиятына мүнөздүү эмес, кыргыз аялдарына шек келтирген, идеясы туура эмес катары баалашып, көпчүлүгү каралап чыгышты. Коргогондор да болду. Мен өзүм: «Чыгарманы каралап, терс пикир айтып жатканыңар чындыктан алыс, түшүнбөй жатасыңар, бул чыгарманын духу, идеясы силер ойлогондон такыр башка, бул жакшы саамалык, мында эркек менен аялдын ортосундагы гана эмес, жер үстүндөгү бүтүндөй жашоонун өзүнө жан берген зор сүйүүнүн элеси турбайбы» деп, калыс пикиримди айттым. «Тагдырдын тамашасы» дейт го, мындан он чакты жылдан кийин жарык көргөн менин «Жылдыздарга саякат» деген поэмам дал ушундай тагдырга туш келип олтурбайбы. Мында дагы биздин аттуу-баштуу жазуучулар дал ушинтип поэмага каршы талкуу уюштуруп, бирок бу жолу жазуучулар adpi.uz universaljurnal.uz 440 SUN'IY INTELLEKTNI PEDAGOGIK TA'LIMGA INTEGRATSIYA QILISH:MUAMMO VA YECHIMLAR mavzusida xalqaro ilmiy-amaliy anjuman materiallari. Andijon. 23-25 aprel 2025-yil союзунда эмес, Кыргызстан КП БКнын бюросуна чейин алып чыгышкан. Ошондо Чыңгыз поэманы коргоп, өзүнүн салмактуу калыс пикирин айткан жана «Правда» газетасына аны бүтүндөй түркий тилдүү поэзиянын ийгилиги катары мактап жазып чыккан. Ал эми бул эки чыгарманын тең кийинки тагдыры баарыга белгилүү»(3). Жогорудагыдай кырдаалга кыргыз адабиятында формалык изденүүлөр ар тараптуу кабыл алынган. 1968-жылы «Кыргызстан маданияты» газетасы «Акындарга үч суроо» деген талкуу уюштурган. Ошондо А.Токомбаев акын С.Эралиевдин эркин ырга өтүшүн «жорголугунан танып баратышы» катары мүнөздөсө, бул форманы Т.Үмөталиев «адашып чоочун короого туш келген эчкидей элеңдеп, качып, четте турган» көрүнүш катары баалады (4, 97). Бул мезгилдин поэзиясынын жаңычылдыгынын эң негизгиси милдети – формалык изденүүлөрдү практикалоо, элдин кабылдоосуна жеткирүү керек эле. Мына ушул жумушту негизинен жаш акындар алышты. Алардын бири С.Тургунбаев болгон. Анын «Кечки троллейбус» жыйнагынан башталган формалык изденүүлөрү 70-80-жылдары жарык көргөн «Жарыктын ыры», «Эки аска», «Касиет», «Жылдыз», XXI кылымдагы «Күндүн көзү», «Жагалмай канат жапан ыр» деген жыйнактарында андан ары улантылды. Мисалы, анын «Калпакчан жигитке» деген ырын талдап көрөлү: Сен, калпакчан! карсылдап эл алдында сүйлөп жатсаң ар сөзүң ооздон чыккан сөз болсун калпагыңа куп жарашкан, жалыны, оту болсун жаркытып көңүлдөргө чырак жаккан(5, 29). Мында биринчи сап калпакчанга кайрылуу, калпакчан – бул жигиттиктин, сөзгө бекем туруучулуктун белгиси. Калпакчан – бул метафора, С.Тургунбаевдин адамды, кыргыз жигитин туюнтуу каражаты. «Калпакчан» деген сөзгө «карсылдап» деген сөз үндөшүп жатат, бирок уйкаш эмес, «карсылдап сүйлөө» – жигиттиктин, чечкиндүүлүктүн, жаштыктын символу. Калпак менен эл алдында сүйлөп жатканда чыккан сөз дал келиши керек, аны үчүн ошол сөздүн, жалыны, оту болушу керек. Сөздүн жалыны, оту деп акын дагы образдуулукту колдонуп атат. Сөздө жалын, сөздө от болушу мүмкүн эмес, бул акындын поэтикалык табылгасы. Ошол сөздүн жалыны, оту көңүлдөргө чырак жагыш керек. Көңүлгө чырак жагылбайт, бул өтмө маани, метафора. Демек калпакчандын сөзү орундуу, таасирдүү болуп, адамдардын
Доказательный фрагмент
«This article describes the state of tradition and innovation of society and literary process in the50-60s of the XXth centure Key words: style, poetics, form, traditional song, free song, metaphor.»
Образец извлечения
Демо-превьюThis article describes the state of tradition and innovation of society and literary process in the50-60s of the XXth centure Key words: style, poetics, form, traditional song, free song, metaphor. Полный текст публикации CiteX не хранит — доступ к первоисточнику открывается по DOI согласно лицензии издателя и выбранному плану.
- Цитирований
- 0
- Тип
- Журнал
- Страна
- Узбекистан
- Ключевые слова
- style, poetics, form, traditional song, free song, metaphor, стиль, поэтика, uslub, традиционная поэзия, metafora., форма, traditional poetry, an`anaviy she'r, метафора., erkin she`r, metaphor., shakl, free verse, poetika, свободный стих
Смежные источники
Общество и инновацииKhosiyat MAMATKULOVA2024
Академические исследования в современной наукеKhudaiberdiyeva Arafat Israilovna, Ph.D Professor hudayberdiyevaarofat@gmail.com +12026
Научные статьиI.B.Yangiboyev, E.X.Berdanov +22025