К содержанию
РецензированоRU2025

МЕТОДЫ РАЗВИТИЯ РЕЧЕВЫХ НАВЫКОВ УЧАЩИХСЯ ПРИ ОБУЧЕНИИ КЫРГЫЗСКОМУ ЯЗЫКУ НА УРОВНЕ B1

Зарина Абдышова (Ош мамлекеттик университетинин)

Универсал международный научный журнал · 2025

Аннотация

Бул макалада студенттердин сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүдө сүйлөшүү кырдаалдарынын таасири жана алардын практикалык мааниси талданат. Изилдөөнүн максаты – студенттердин тилдик компетенциясын жогорулатуу үчүн сүйлөшүү кырдаалдарынын натыйжалуулугун аныктоо. Макалада сүйлөшүү кырдаалдары студенттердин тил үйрөнүүсүнө тийгизген таасири каралат. Ошондой эле диалогдук жана ролдук оюндар, дискуссиялар, аудио-видео материалдар, импровизациялык оюндар жана көркөм чыгармалар менен иштөө сыяктуу ыкмаларга кыскача көрсөтмөлөр сунушталган. Кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүү процессинде сүйлөшүү кырдаалдарын системалуу түрдө колдонуу тилди натыйжалуу үйрөнүүгө шарт түзөөрү белгиленип, диалог менен иштөөнүн этаптары сунушталган. Annotatsiya:Ushbu maqolada nutqiy vaziyatlarning o‘quvchilarning nutqiy ko‘nikmalarini rivojlantirishdagi ta’siri va amaliy ahamiyati tahlil qilinadi. Tadqiqot maqsadi talabalarning til kompetensiyasini oshirish uchun suhbat vaziyatlarining samaradorligini aniqlashdir. Maqolada suhbatdosh vaziyatlarning o'quvchilarning til o'rganishiga ta'siri ko'rib chiqiladi. Shuningdek, dialog va rolli o'yinlar, muhokamalar, audio-video materiallar, improvizatsiya o'yinlari va san'at asarlari bilan ishlash kabi usullar bo'yicha qisqacha ko'rsatmalar taklif etiladi. Qirg‘iz tilini ikkinchi til sifatida o‘qitish jarayonida so‘zlashuv vaziyatlaridan tizimli foydalanish tilni samarali o‘rganishga sharoit yaratishi ta’kidlanib, dialog bilan ishlash bosqichlari taklif etildi. Annotation: This article analyzes the influence of conversational situations on the development of students' speech skills and their practical significance. The purpose of the study is to determine the effectiveness of conversational situations for improving students' language competence. The article examines the influence of conversational situations on students' language learning. Brief recommendations on methods such as dialogic and role-playing games, discussions, audio-video materials, improvisational games and work with works of art are also presented. It is noted that the systematic use of conversational situations in the process of teaching Kyrgyz as a second language creates conditions for effective language learning, and stages of work with dialogue are offered. Макаланын актуалдуулугу. Кыргыз Республикасында кыргыз тилин В1 деңгээлинде окутууда студенттердин сүйлөө көндүмдөрүн өстүрүү маселеси бүгүнкү күндө абдан маанилүү. Кыргыз тили мамлекеттик тил катары расмий документтерде, билим берүүдө, коомдук жана социалдык чөйрөдө кеңири колдонулат. Бирок, тилекке каршы, кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүнү өркүндөтүүнүн концепциясында кыргыз тилинин грамматикасын гана окутууга эмес, кыргыз тилинде сүйлөөгө үйрөтүүгө басым жасоо талабы коюлганына карабай жалпы билим берүүчү мектептерден колледжге келген студенттер кыргыз тилин теориялык жактан билип, коммуникативдик көндүмдөрү калыптанбай калгандыгы диагностикалык тестирлөөдөн улам байкалууда. Ошондуктан В1 деңгээлинде окутуу учурунда студенттердин эркин, таза, так, ырааттуу сүйлөй алышына басым жасоо өтө маанилүү. Студенттердин сүйлөө көндүмдөрүн өстүрүү аркылуу кыргыз тилинин колдонулушун жандандыруу жана аны жашоо-тиричиликте активдүү колдонууга көмөк көрсөтүү зарыл. Анткени В1 деңгээли – бул ортонку деңгээл болгондуктан, студенттердин сүйлөө көндүмдөрүн активдүү өнүктүрүү аларды андан жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн негиз болуп берет. adpi.uz universaljurnal.uz 192 SUN'IY INTELLEKTNI PEDAGOGIK TA'LIMGA INTEGRATSIYA QILISH:MUAMMO VA YECHIMLAR mavzusida xalqaro ilmiy-amaliy anjuman materiallari. Andijon. 23-25 aprel 2025-yil Студенттердин сүйлөө көндүмдөрүн өстүрүүдө сүйлөшүү кырдаалдарынын таасири чоң. Сүйлөшүү кырдаалдары аркылуу грамматикалык жана фонетикалык эрежелерди практикалык жактан активдүү колдоонууга муктаждык пайда болот; жаңы сөздөрдү үйрөнүп, аларды туура контекстте колдонууга шарт түзүлөт; сүйлөшүү учурунда жаңы сөздөр жана фразалар практикалык жол менен эсте калат; активдүү угууга, жооп кайтарууга жана маектешүүнү колдоого үйрөнөт; сүйлөшүү кырдаалдарында өздөрүнө болгон ишеними жогорулап, тоскоолдуктарды жеңе алышат. Анткени “сүйлөшүү кырдаалдары адамдардын тил үйрөнүүсүнө оң мүмкүнчүлүк түзгөн ролу чоң, ошондуктан мектепте кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөнүүсүндө сүйлөшүү кырдаалдарын колдонуу менен, тактап айтканда, сүйлөшүү кырдаалдарын түзүп, лексика-грамматикалык материалдарды дал ошол сүйлөшүү кырдаалдарында пайдалануу, албетте, турмуштагы реалдуу сүйлөшүү кырдаалына жакын шартты түзүп бергендиги менен баалуу”[3:105]. Реалдуу турмушта сүйлөшүү жагдайлары ар түрдүү болгондуктан сүйлөшүү кырдаалдары да ар түрдүү боло тургандыгы маалым. Окумуштуу С.Рысбаев сүйлөшүү кырдаалдарын стандарттуу сүйлөшүү кырдаалы жана турмуштук сүйлөшүү кырдаалдары деп бөлүштүрөт да турмуштук сүйлөшүү кырдаалдарынын кырктан ашуун кырдаалдык минимумдарды белгилейт. Мисалы, учурашуу, таанышуу, нерсенин эмне экенин билүү, нерсенин турган ордун сурап билүү, бирөөнүн эмне кылып жатканын

Доказательный фрагмент

«Бул макалада студенттердин сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүдө сүйлөшүү кырдаалдарынын таасири жана алардын практикалык мааниси талданат.»

Образец извлечения

Демо-превью

Бул макалада студенттердин сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүдө сүйлөшүү кырдаалдарынын таасири жана алардын практикалык мааниси талданат. Полный текст публикации CiteX не хранит — доступ к первоисточнику открывается по DOI согласно лицензии издателя и выбранному плану.

Цитирований
0
Просмотров
0
Тип
Журнал
Страна
Узбекистан
Ключевые слова
студенттердин сүйлөө, сүйлөө көндүмдөрүн, сүйлөшүү кырдаалдары, кыргыз тилин, сүйлөшүү кырдаалдарынын, тил катары, сүйлөшүү кырдаалдарын
Открыть DOI
Спросить CiteX об этой работе

Смежные источники